Викиказына:Вики Жерди Сүйөт 2024/Адам укуктары жана айлана чөйрө

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Wiki Loves Earth 2024/Human rights and environment and the translation is 92% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Wiki Loves Earth 2024/Human rights and environment and have to be approved by a translation administrator.
Outdated translations are marked like this.

2024-жылы, Вики Жерди Сүйөт эл аралык сүрөт сынагы кайрадан Викимедиа Фонду(ВФ) жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси (БУУАУБЖК) менен өнөктөштүктө ВикиАдамУкуктарыҮчүн демилгесин колдойт. Анын максаты - жаратылышты коргоо жана адам баласынын жаратылышка тийгизген таасири жөнүндө түшүндүрүү.

Source

Жалпы корголуучу жерлерди документөө менен катар, ВЖС эл аралык деңгээли "Адам укуктары жана айлана-чөйрө" аттуу атайын номинациясын да ыйгарат. Биз айлана-чөйрөнү коргоп жатып, баарыбызда бар болгон - сууга, өмүргө, тамак-ашка, турак жай жана башка таза, дени сак айлана чөйрөгө болгон фундаменталдык укуктарыбызды дагы коргогон болобуз. БУУ жана көптөгөн башка өлкөлөр, регионалдык укуктук системалар дагы дени сак айлана чөйрөгө болгон укуктарды таанып келишет.

Бул атайын номинация үчүн төмөндөгүлөрдү камтыган сүрөттөрдү издейбиз
  • Негизинен дени сак айлана чөйрө үчүн же аны коргоо менен алектенген адамдардын (мисалы, туруктуу айыл чарба же балык уулоо, туруктуу курулуш, спорт менен алектенгендер же жаратылыштан ырахат алууну өркүндөткөндөр ж.б.)сүрөттөрү;
  • Экосистеманы же айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүчү же мурунку зыянды калыбына келтирүүгө жардам берген адамдын иш-аракеттеринин (мисалы, бак-дарактарды отургузуу, таштандыларды чогултуу, жерди туруктуу башкаруу, инвазиялык түрлөрдү жок кылуу ж.б.)сүрөттөрү;
  • Климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу же таштандуу сыяктуу глобалдык экологиялык маселелердин айлана-чөйрөнү жана адамдардын ден соолугун сактоого терс таасири (б.а. суу ташкындары, жер көчкүлөр жана токой өрттөрү сыяктуу табигый кырсыктар, булгануунун кесепеттери, калдыктардын топтолушу);
  • Кантип адам баласынын иш-аракеттерии биздин ден соолукка жана айлана чөйрөгө маанилүү болгон казып алынуучу байлыктарды өндүрүү аркылуу жаратылыш системаларына кол салууда, (мисалы, токой чарбасы, тоо-кен казып алуу жана кыйратуучу айыл чарбасы), кыйратуучу инфраструктураны куруу (мисалы, дамбалар жана жолдор) же башка иш-аракеттер түрлөрү;
  • Ландшафттардын бөлүнүшү же жоголушу адамдын жыргалчылыгына таасирин тийгизген экологиялык зыянды же жоготууларды баса белгилеген (мисалы, инвазиялык түрлөр, суу жолдорунун бузулушу, кыртыштын жоголушу ж.б.);
  • Биздин жамааттык жыргалчылыгыбыз жана келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн сергек айлана-чөйрө канчалык маанилүү экендиги жөнүндө башкаларды жактаган жана башкаларды үйрөткөн адамдардын сүрөттөрү.

Мисалдар

Эскертүүлөр жана көп берүлүүчү суроолор

Башка түшүндүрмөлөр

Сүрөттөрдү тартып жатканда ал медианы кантип колдонсо болорун эске алуу маанилүү. Атайын номинациялык сүрөттөр Википедия макалаларын, жаңылыктар жана башка материалдарды сүрөттөө үчүн колдонулушу мүмкүн, бул адамдардын айлана-чөйрөгө болгон көз карандылыгын жакшыраак маалымдайт. Бул темага ылайык натыйжалуу сүрөт тартуу боюнча көрсөтмөлөр үчүн, бул change-communication Климаттын өзгөрүшүн сүрөттөө үчүн колдонмону караңыз.

Жалпы "Вики Жерди Сүйөт" сүрөт сынагынын катышуучулары катары биз белгилүү болгон табигый эстелик / жаратылыш паркы / корголуучу аймак ж.б. сүрөттөрдү гана кабыл алабыз. Бирок катышуучулар сүрөттөрүнүн көрсөтүлгөн талапка ылайыктуулугун түшүндүрүп, сүрөттөрүнүн так түшүндүмөсүн бериши керек. Зарыл болсо, Википедияга же тышкы булактарга шилтемелер берилиши мүмкүн.

Эскертүү

Адам укуктары темалары жана айлана-чөйрөнү кыйратуу сыяктуу темалар фотограф же сүрөттөгү адамдар үчүн коркунучтарды камтышы мүмкүн. Сураныч, risks for your photographed subjects сезимтал болуңуз жана сизге коркунуч туудурган аймактарга же боштуктарга кирбеңиз.

Көп берилүүчү суроолор

  • Кантип мен өзүмдүн сүрөттөрүмдү бул өзгөчө номинацияга көрсөтө алам?
Эгер сиз улуттук Вики Жерди Сүйөт сныагында катышып жаткан болсоңуз, сүрөттөрүңүздү жүктөө учурунда бул өзгөчө номинацияга дагы сүрөттөрүңүздү жөнөтүүнү тандасаңыз болот. Эгер сиздин өлкөңүздө жыл сайын өткөрүлчү Вики Жерди Сүйөт сынагы өткөрүлбөсө, бирок сиз бул номинация үчүн атайын өзүңүдүң сүрөттөрдү жөнөткүңүз келсе, шилтеме аркылуу өтүп, сүрөтүңүздү жүктөсөңүз болот.
  • Мен жөнөтсөм боло турган сүрөттөрдүн санында чектөө барбы?
Жок, сиз канча кааласаңыз, ошончо сүрөт жөнөтсөңүз болот. Ошонтсе дагы, биз сиздин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатуу үчүн, аталган теманы чагылдыра турчу, жогорку сапаттагы сүрөттөрүңүздү жүктөөнү сунуштайбыз.
  • Википедиядагы сүрөтү жок макалаларга өзүмдүн сүрөттөрүмдү жүктөө менен өзгөртүп же түзөтө аламбы?
Ооба, биз ага кубанычта болобуз! Сиздин сынакка катышуучу сүрөттөрүңүз Викимедиа Казынасында бар болгону үчүн аны Википедияда кайрадан баракчага сүрөт орнотуп иштетүү жеңил.
  • Сүрөттөр кантип бааланат?
Бул номинациянын жеңүүчүлөрүн биз эл аралык деңгелде жергиликтүү баалоосуз тандайбыз. Калыстар тобу жана бул темалар боюнча эксперттер жөнүндө толугураак маалымат бул жерде жарыяланат: