Викиказына:Вики Жерди Сүйөт 2024

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Wiki Loves Earth 2024 and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Wiki Loves Earth 2024 and have to be approved by a translation administrator.
Wiki Loves Earth

Shortcut: COM:WLE2024


Вики Жерди Сүйөт 2024

 

Катышуучу өлкөлөр

 

Эрежелер жана КБС(FAQ)

 

Уюштуруу

 

Жеңүүчүлөр

 

Биз менен байланышуу жолдору

 

Report

2024-жылы катышуучу өлкөлөр
Вики Жерди Сүйөт 2024кө кош келиңиз!

Вики Жерди Сүйөт (ВЖС) бул жыл сайын Май-Июль айларында, бүт дүйнөлүк Викимедия өкүлдөрү, топтору жана жергиликтүү Википедия ыктыярчылары тарабынан өткөрүлүүчү эл аралык сүрөт сынагы. Анда катышуучулар өздөрүнүн өлкөсүндөгү жергиликтүү кооз жаратылыш мурастарын сүрөткө алып, Вики Казынага жүктөшөт. Баардык катышуучу өлкөлөр үчүн уюштуруучулар өз алдынча жергиликтүү топтордон сынактар уюштурулат, бирок мөөнөтү, эрежелери, сйлык жана башкалары бир аз айырмаланышы мүмкүн.

Конкурстун негизги максаты - табигый мурастагы объектилердин сүрөттөрүн жыйноо, мисалга жаратылыш коруктары, ландшавтык коргоо аймактары, улуттук парктар, кооз/ландшафтык аймактар, кооз бакчалар жана башка ушул сыяктууларды - дүйнө жүзү боюнча акысыз Википедия энциклопедиясына жана Викимедия фондунун башка долбоорлорунда макалаларды көрсөтүү.

Аталган багыт бир гана улуттук маанидеги жерлерге гана эмес, мүмкүн болушунча көп түрдүү табийгый аймактык деңгээлдеги корголгон жерлерге да каралган: токойлор, парктар, бакчалар, аскалар, үңкүрлөр же өлкөңуздөгү кайсыл гана болбосун коргоого алынган жаратылыш бөлүгү боло алат. Бул дегени көпчүлүк колдонуучулар өздөрүнө жакын болгон бир канча улукттук мурастагы жерлерди табууга мүмкүнчүлүк алышат дегени.

Бул жылы сынак жана эл аралык жеңүүчү сүрөттөр кайрадан эки котегорияда аныкталат - жаратылыш (жалгыз дарактар дагы болушу мүмкүн эгер ал улуттук эстелик катары эсептелсе) жана макро/жакынкы пландан сүрөттөр (жаныбарлар, чөптөр, козу карындар):

  • Жергиликтүү деңгээлде ар бир котегорияда 10дон ашпаган жалпысы 15 жеңүүчү аныкталат. Жергиликтүү уюштуруучулар аймактардагы жеңүүчүлөрдү категорияларга бөлбөстөн туруп азыраак сүрөттөрдү жөнөтө алышат (мисалы 10).
  • Эл аралык калыстар ар бир категориядан 10дон ашырбай 20га чейин сүрөттөрдү тандай алышат.
  • Эл аралык деңгээлде 20 сүрөттүн ичинен бир автордун экиден ашык сүрөтү тандалышы мүмкүн эмес, анткени биздин максатыбыз жеңүүчү сүрөттөрдү көп түрлөтүү жана ар кайсы аймактардан жана авторлордун болушунча көп жаратылыш мурастарын жарыялоо.


Болжолдуу хронология
  • 1-майдан 31-июльга чейинки аралыкта өлкөлөрдүн улуттук мелдештери болуп өтөт. Ар бир өлкөлөрдүн атайын мөөнөттөрүн бул жактан караңыз;
  • Август этеги: тапшыруунун акыркы мөөнөтү, мисалдар Жеңүүчүлөр баракчасы;
  • Сентябрь-октябрь: баалоо процесси;
  • Ноябрь: Эл аралык эрежелер үчүн акыркы мөөнөт;


Эрежелер
  • Эл аралык бөлүккө эрежелер бул жакта жарыяланган here. Жергиликтүү сынактардын өздөрүнүн жеке эрежелери, сыйлыктары жана мөөнөттөрү болушу мүмкүн.


Сыйлыктар
  • Жеңүүчүлөр Амазонго же башка онлайн дүкөндөргө ваучерлерди алышат; баалуулугу катышуучунун жайгашкан аймагынан көз каранды;
  • Жергиликтүү топтопдун аймактык раунддардагы катышуучуларыга өздөрүнүн сыйлыктары болушу мүмкүн.


Жүктөлгөн сүрөттөр
  • Буга чейин жүктөлгөн баардык сүрөттөрдү карап чыгыңыз.


WLE ресурстар борбору


Кантип катышууга болот


Расмий сайт


Басма сөз

Дисклеймер: Бул сынак көбүн эсе ыктыярчылыр тарабынан уюштурулуп, алар бул эрежелерди өзгөртүп же сынак башталгандан кийин да өз каалоосу менен сынакты жокко чыгарууга укуктуу. Уюштуруучулар демөөрчүлөр тарабынан кандайдыр бир сыйлыктар каралышына жана сынакка байланыштуу эч кандай жоопкерчилик өздөрүнө алышпайт. Бул баракчадагы маалыматтар жана эрежелер уюштуруучуларга эч кандай юридикалык жоопкерчилик алып келбейт.